Баткенде ири өлчөмдө акча каражатын алдоого шектелип кармалды

2 май 2023 10:01 749 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде алдамчылык менен алектенип, изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, апрель айында  Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну ири өлчөмдөгү акча каражатын алып бербей жатканын айтып милицияга арыз менен кайрылган.

“Издөө иштеринин натыйжасында 38 жаштагы жаран С.С. Ош облусунун Ноокат районда жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Жаран С.С. жабырлануучуга алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөнүн айтып, ага  карата мыйзам чегинде чара көрүүсүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен  ОИИБдин  Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык )  боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маадыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-iri-lchmd-akcha-karazhatyn-aldoogo-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий