Месси коштошуп жатып ыйлаган жүз арчы 10 миң долларга сатылат

14 август 2021 10:41 2438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Футболчу Лионель Месси коштошуу үчүн берген басма сөз жыйынында ыйлаган жүз арчысы сатыкка коюлду. Бул тууралуу Mercado Libre булагы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Лоттун баштапкы баасы 1 миллион аргентина песосу же болбосо 10 298 АКШ доллары.

Сатуучу “жүз арчыда Мессинин көз жашы бар, мен мындай жүз ачылардын көчүрмөсүн дагы көбөйтүп сатам”,- деп тастыктоодо.

Эскерте кетсек, Лионель Месси келишими бүткөнүнө байланыштуу жакында “Барселонадан”  кетип, француздардын "Пари Сен-Жермен" футбол клубуна өттү.

Лионель Месси 2004-жылы “Барселонага” келип, клуб үчүн 17 сезон ойногон. Быйыл анын келишими аяктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/messi-koshtoshup-zhatyp-yjlagan-zhz-archy-10-mi-dollarga-satylat



Добавить комментарий