Месси расмий түрдө “Пари Сен-Жермен" клубуна өттү

11 август 2021 10:07 2793 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси француздардын "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) футбол клубуна расмий түрдө өттү. Бул тууралуу маалымат команданын Twitter тармагында маалымдалганын “Барометр” билдирет.

Мессинин келишими 2+1 бир схемасында түзүлдү. Бул келишим эки жылга жана дагы бир жылга узартуу мөөнөтү менен түзүлгөнүн түшүндүрөт.

Жаңы оюнчу тууралуу бүгүн 11-августта басма сөз жыйыны болот.Иш-чара “Парк де Пренс" стадионунда өтөт.

 Лионель Месси 2004-жылы “Барселонага” келип, клуб үчүн 17 сезон ойногон.Быйыл анын келишими аяктаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/messi-rasmij-trd-pari-sen-zhermen-klubuna-tt



Добавить комментарий