Месси ПСЖнын машыгууларынан четтетилди

3 май 2023 09:44 1090 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын ПСЖ клубу Лионель Мессини эки жумага команда менен машыгуудан четтетти. Бул тууралуу RMC Sport басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

"Пари Сен-Жермен"  мындай чечимге Месси Сауд Арабияга уруксатсыз баргандан кийин келген. Клуб оюнчуну эки жумага дисквалификациялоо чечимин кабыл алды. Аргентиналык дүйнө чемпиону мындай чечими менен матчтардан, машыгуулардан жана маяналардан ажыратылган. 

Белгиленгендей, футболчу клубдун башкы машыктыруучу Кристоф Галтиер менен футбол боюнча кеңешчи Луис Кампостун макулдугусуз өлкөдөн чыгып кеткен.   

Эске салсак, аргентиналык чабуулчу Лионель Месси Сауд Арабиясына учуп кеткен. “Пари Сен-Жермендин” машыктыруучулары командировкага каршы болушканы менен алар жылдыздуу оюнчуну токтото алышкан эмес. 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/messi-pszhnyn-mashyguularynan-chettetildi



Добавить комментарий