Роналду футболдо тарых жаратып, Гиннесттин рекорддор китебине кирди

21 июнь 2023 13:48 1423 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду  улуттук курамада 200 оюн өткөргөн биринчи футболчу болуп, рекорд жаратты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 38 жаштагы футболчу Евро-2024тун тандоо турунда Исландия менен болгон беттеште оюн талаасына чыгып, жаңы рекорд койгон. 

Юбилейлик оюнда Роналду жеңиш голун киргизген.   
"Бул жеңиштин өзгөчө даамы бар. Бул 200-матч болгондуктан гана эмес.   Беттештин айланасында болуп өткөн бардык окуяларды эске алганда, бул сонун жана унутулгус болду. Исландиялыктарга жана федерацияга сюрприз үчүн жана Гиннес рекорддор китеби үчүн рахмат айтышым керек», - деди чабуулчу.   

Беттештин алдында Роналдуга анын рекордун тастыктаган расмий сертификат тапшырылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldu-futboldo-taryh-zharatyp-ginnesttin-rekorddor-kitebine-kirdi



Добавить комментарий