Сауд Аравиясы жылдыздуу футболчулар үчүн ислам дининде тыюу салынган эрежелерге көз жумушууда

15 август 2023 12:20 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сауд Аравиясы Неймар үчүн ислам дининде тыюу салынган жагдайга көз жумуп жатат. Алар жылдыздуу футболчунун сүйлөшкөн кызы менен никеси жок Сауд Аравияда жашоосуна уруксат беришүүдө. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, жылдыздуу футболчу Неймар сүйүктүүсү Бруна Бианкарди менен чогуу жашоого уруксат берилет.

Жакында, 31 жаштагы бразилиялык футболчу Неймар Сауд Аравиялык "Аль-Хилал" клубу менен келишим түздү. Эми, Неймар да Аль-Насрь" клубуна өткөн португалиялык футболчу  Криштиану Роналду алгандай шарттарды алат. 

"Мисалы, Неймардын Криштиану Роналду сыяктуу жеке учагы болот. Ал Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригес менен никеси жок бирге жашап жаткандай Неймар да сүйүктүүсү Бруна Бьянкарди менен никеси жок болсо да бирге жашай алат. Алар буга көңүл бурушпайт, бирок Сауд Аравияда буга тыюу салынган”, - дейт Footmercato.
 

Буга чейин, бразилиялык жылдыз Сауд Аравияда эки сезондо 160 миллион еврого жакын киреше табаары айтылган. Transfermarkt Неймарды 60 миллион еврого баалап, ПСЖ менен келишим 2025-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

Ссылка: https://barometr.kg/saud-araviyasy-zhyldyzduu-futbolchular-chn-islam-dininde-tyyuu-salyngan-erezhelerge-kz-zhumushuuda



Добавить комментарий