Матримов менен Төрөбаев футболчуларга медаль такты

27 октябрь 2019 19:09 5252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матримов менен Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун катышуучуларына медаль такты.

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунын финалында Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командасы менен Бишкектин “Дордой” клубу беттешти. Нефтчи командасы 1:0 эсебинде утуп алды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев менен Искендер Матраимов финалдык беттешке катышкан жана жеңгендерди сыйлоо аземине катышып, футболчуларга медаль тагышты.  

Кыргызстандын Кубогунун финалдык беттеши Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек Баатыр” атындагы борбордук стадионунда өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/matrimov-menen-trbaev-futbolchularga-medal-takty



Добавить комментарий