2024-жылдын кыш мезгилиндеги эң кымбат 10 трансфер аталды

5 февраль 2024 11:00 1081 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бразилиялык чабуулчу Виктор Рокенин каталониялык "Барселонага" өтүшү кышкы трансфердин  эң кымбат келишими деп таанылды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

18 жаштагы чабуулчу "Атлетико Паранаэнседен" кеткен.
Испаниялык клуб кенже футболчунун трансфери үчүн 40 миллион еврого жакын төлөшү керек болчу.

Экинчи орунда коргоочу Саша Боенин трансфери 30 миллион еврого, үчүнчү орунда 25 миллионго Раду Драгушин турат.

Transfermarkt версиясы боюнча 2024-жылы эң кымбат 10 кышкы трансферлери:

Витор Роке (“Атлетико Паранаэнседен” “Барселонага”, 40 миллион евро).

Саша Бое (“Галатасарайдан”  “Баварияга”, 30 миллион евро).

Раду Драгусин (“Женуядан”  “Тоттенхэмге” 25 миллион евро).

Элиф Элмас (“Наполиден” “РБ Лейпцигге”, 24 миллион евро).

Ренан Лоди (“Марсельден” “Аль-Хилалга”, 23 миллион евро).

Адам Уортон (“Блэкберн Роверстен” “Кристал Пэласка”, 21,1 миллион евро).

Габриэль Москардо («Коринтианстан» «ПСЖ», 20 миллион евро).

Лукас Бералдо («Сан-Паулудан» «ПСЖ», 20 миллион евро).

Артур Вермирен («Анверпенден» «Атлетико», 18 миллион евро).

Маркос Леонардо ( «Сантостон» «Бенфикага», 18 миллион евро). 
 

Ссылка: https://barometr.kg/2024-zhyldyn-kysh-mezgilindegi-e-kymbat-10-transfer-ataldy



Добавить комментарий