Оюн учурунда Криштиану Роналду күйөрманы тарабынан жаракат алып калды

17 октябрь 2023 15:05 3546 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду Евро-2024 тандоо оюндарынын жүрүшүндө күйөрманы тарабынан жаракат алып калды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Биринчи таймдын соңунда уюлдук телефонун көтөргөн күйөрман Роналду менен сүрөткө түшүү үчүн талаага чуркап чыккан. Окуя бурчтагы желектин жанында болгон. Күйөрман талаага чуркап чыкканда, күзөтчүлөр дароо аны алып кетүүгө аракет кылган учурда Роналдунун бутун басып кеткен. Видеодон Криштиану аксап калганын көрүүгө болот, тыныгуудан кийин ал алмаштырылган.

“Күйөрман Криштиану Роналдуну кучактоо үчүн аянтка чуркап чыгып, кокустан анын бутун басып калды», - деп жазды Blue Twitter баракчасында.

Кошумчалай кетсек, Босния жана Герцеговина курамасы менен болгон оюн 5:0 эсебинде аяктаган. Роналду алмаштырылганга чейин дубль жасаганга жетишти, ал эми Бруно Фернандеш, Жоао Кансело жана Жоао Феликс дагы бирден гол киргизишти. 
 


Ссылка: https://barometr.kg/oyun-uchurunda-krishtianu-ronaldu-kjrmany-tarabynan-zharakat-alyp-kaldy



Добавить комментарий