Видео. “Нефтчи” футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун утту
Бөлүшүү:
Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун “Нефтчи” командасы утту. Кочкор-Ата шаарынын командасы финалда Бишкектин “Дордой” клубун 1:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Беттештеги жалгыз голду 64-мүнөттө кочкораталыктардын чабуулчусу Азамат Өмүралиев киргизди.
Кыргызстандын Кубогунун финалдык беттеши Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек Баатыр” атындагы борбордук стадионунда өттү.
“Нефтчи” өз тарыхында бул мелдешти биринчи ирет утуп жатат. Алар буга чейин үч ирет финалга чыгып, бирок жеңилип калышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/video-neftchi-futbol-boyuncha-kyrgyzstandyn-kubogun-uttu
Добавить комментарий ×