Маршруттук таксилердин баасы боюнча маселени бир аптадан кийин шаардык кеңеш карайт

27 июль 2021 12:16 783 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Иш таштоого чыгышкан маршруттук таксилердин айдоочулары менен траспорттук коллапстын учурунда сүйлөшүү болгон”,-деп айтты бүгүн, 27-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында баш калаанын   мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

“Биз аларды уктук, макулдашууга аракет кылдык, бирок орток пикирге келе албадык”,-деп айтты мэрдин милдетин аткаруучу.

Ал ошондой эле иш таштагандар бааны жогорулатууну талап кылышканын кошумчалады.

“Бир аптадан кийин Бишкек шаардык кеңеши ишин баштайт жана бул маселени чечет”,-дейт Кудайбергенов.

Ал ошондой эле мэрия Эгемендик күнүнө карата дагы 200 автобусту линияга кошууну жатканын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/marshruttuk-taksilerdin-baasy-boyuncha-maseleni-bir-aptadan-kijin-shaardyk-keesh-karajt



Добавить комментарий