Бишкекте коомдук транспорттордогу рейд учурунда 20 айдоочу жумуштан бошотулду

29 ноябрь 2023 18:16 1148 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте коомдук транспорттордогу рейд уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.   

Рейддин жүрүшүндө "БЖАИ" МИнин айдоочулары жана айрым кызматкерлери тарабынан одоно эреже бузуулар аныкталды.

“20-ноябрга чейин транзакциялардын саны күнүнө 170 миңге жакын болсо, рейддин натыйжасында күнүнө 300 миңге жеткен, бул болжол менен 3 миллион сомду түзгөн. Каражаттарды ысырап кылган 20дан ашык айдоочу жумуштан бошотулду. Мындай айдоочуларга жана жетекчилерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда бөлүнгөн акча каражаттарынын ордун толтуруу үчүн тиешелүү органдарга арыз менен кайрылууга чейинки чаралар көрүлөт.

Рейд жакшы натыйжаларды берип жатат, бул багыттагы иштерди накталай эмес төлөм системасына толук өтүү боюнча натыйжалуу жыйынтыктар алынганга чейин жүргүзүү пландаштырылууда.

Түз кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарган айдоочулар жумуш ордунда калып, акы алышат. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу жана аларды даярдоо боюнча чечим кабыл алынды. Кызматтан бошотулган айдоочуларды тез арада алмаштыруу үчүн кадрлардын резерви түзүлүп, жүргүнчүлөрдүн санын эсептөөчү система да иштелип чыккан.

Мындан тышкары, көп сандаган мыйзам бузууларга байланыштуу "БЖАИ" муниципалдык ишканасынын жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулуп, ишкананын жетекчисинин милдеттери убактылуу Т.Т.Капаровго (Бишкек троллейбус башкармалыгынын азыркы жетекчиси) жүктөлгөн”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koomduk-transporttordogu-rejd-uchurunda-20-ajdoochu-zhumushtan-boshotuldu



Добавить комментарий