Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде тартылган мурал пайда болду

14 ноябрь 2023 13:39 1954 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде тартылган мурал  пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка улуу кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болотбек Шамшиев тарткан, башкы ролду КР Эл артисти, режиссердун жубайы Айтурган Темирова ойногон  “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын муралы түшүрүлдү.

“Имараттын каптал бөлүгүнө Джубили Кыргызстан (ЗАО «Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company») компаниясынын тапшырыгы жана  демилгеси менен «KyzArt» чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрү тартышкан.

Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жайгашкан жерди тандоодо Биринчи май районунун акимиаты жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүшкөн”, -деп айтылат маалыматта. 




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ysyk-kldn-kyzgaldaktary-tasmasynyn-negizinde-tartylgan-mural-pajda-boldu



Добавить комментарий