"Абалдан пайдаланбагыла!". Мэрия такси кызматкерлерге кайрылды

3 июня 2021 09:23 1120 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкектин мэриясы такси кызматын көрсөткөндөргө кайрылуу жасап, жол кирени жогорулатпоого үндөдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Урматтуу такси кызматынын ээлери жана айдоочулары, сиздерди жол кире акысын жогорулатпоого чакырабыз. Кечээтен бери орун алган кырдаалдан пайдалануунун кажети жок.

Жарандарыбыз ишке, үйүнө жете албай кыйналышууда. Райондук администрациянын күчү менен жарандарды акысыз ташууну уюштурдук. Троллейбустар жана автобустар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-июнда коомдук маршруттук унаанын айдоочулары иш таштаган. Алар жол кирени жогорулатууну талап кылган. Ал ортодо такси кызматын көрсөткөндөр жол акыга болгон тарифти эки эсе кымбаттатканы коомдо талкуу жаратты.

Ссылка: https://barometr.kg/abaldan-pajdalanbagyla-meriya-taksi-kyzmatkerlerge-kajryldy



Добавить комментарий