Маршруттук таксилердин баасы боюнча маселени бир аптадан кийин шаардык кеңеш карайт
Поделиться в:
“Иш таштоого чыгышкан маршруттук таксилердин айдоочулары менен траспорттук коллапстын учурунда сүйлөшүү болгон”,-деп айтты бүгүн, 27-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
“Биз аларды уктук, макулдашууга аракет кылдык, бирок орток пикирге келе албадык”,-деп айтты мэрдин милдетин аткаруучу.
Ал ошондой эле иш таштагандар бааны жогорулатууну талап кылышканын кошумчалады.
“Бир аптадан кийин Бишкек шаардык кеңеши ишин баштайт жана бул маселени чечет”,-дейт Кудайбергенов.
Ал ошондой эле мэрия Эгемендик күнүнө карата дагы 200 автобусту линияга кошууну жатканын айтты.
Добавить комментарий ×