Мамиледе сиз “запастагы” вариантсызбы? 6 белги

18 ноябрь 2022 08:06 5293 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы учурда коомдо бир жигит эки-үч кыз менен катар сүйлөшкөн учурлар көбөйдү. Ошол маалда кыздар дагы алардан кем калбай, бир-эки жигитти достук үчүн, дагы бирөөнү белек алдырыш үчүн мамиле курушат. Сүйүү мамилелеринде кошумча вариант катары кармалып турган жоксузбу? Бул соболго Barometr.kg психологдун жообун алып берет.

1. Кокустан кездешүү

Сүйлөшкөн жигитиңиз же кызыңыз жолугушууну шашып эң акыры мүнөттө белгилейт. Күтүүсүздөн чалып сизди “азыр баланча жердеги паркка же киного келип кал” деп шаштырат. Албетте кээде бул романтикалуу сезилиши мүмкүн жана чыны менен деле ошондой кездешүүлөр жакшы. Бирок мындай учурлар дайыма эле кайталана берсе ойлоно турганга жөнүңүз бар.

2. Жоопсуз калтыруу

Көп учурда сиздин телефонго, вотсап, телеграм жазууларыңызга жооп бербей же өтө эле кечигип жооп берет.Эгерде жактырган жигитиңиздин же кызыңыздын иши жооптуу жумуш болсо жана убактысы күндүз тар болсо аны түшүнүш керек. Бирок бул, күнү деле, түнү деле, эс алуу күнү деле кайталана берсе сиздин ага чындап керегиңиз барбы деген суроо туулат?

3. Айтканын аткарбоо

Берген убадасын унутуп калат жана бул үчүн өтө деле тынчсызданбайт. Мисалы сизди сейилге чакырып коюп аны такыр эле эсинен чыгарып салат.

4. Жашоосунда сиз жоксуз

Эч качан өзүнүн болочок пландары анын ичинде сиз менен бирге боло турган пландары менен бөлүшпөйт. Конкреттүү түрдө жигитиңиз “ушул күздө үйлөнөм же шартым жок” деп айтпайт, же сиз жигит болуп жактырган селкиңизге  турмушка чыгууга сунуш киргизген болсоңуз ал так жообун бербейт.

5. Алыс кармайт

Сизди туугандары жана достору менен тааныштырууга эч бир ашыкпайт. Бир ирет дагы ата-энеси менен тааныштыруу, достору менен чогуу бир жерге баруу тууралуу сунуш айтпайт. Кокус достору менен тааныштырса сизди сүйгөн адамы эмес “таанышым же досум болот” деп айтып коет.

6. Бир тараптуу аракет

Көп учурда мамиле кылууга сиз эле жан үрөп жаткан болосуз. Мамиле куруу эки тараптан тең болуусу керек. Сиз ага караганда көп телефон чалып, көп жолугушууга чакырып, ал болсо эч кандай демилге көтөрбөсө жактырган адамыңыздын сизге карата кызыгуусу барбы же жокпу дагы бир ирет ойлонуп койсоңуз болот. Болгону мындай учурда фактынын жүзүнө тике кароо зарылыгы келип чыгат!

Ссылка: https://barometr.kg/mamilede-siz-zapastagy-variantsyzby-6-belgi



Добавить комментарий