Үйдүн энергетикасын кантип оңдоо керек? Фэн-шуйдун 4 эрежеси

25 апреля 2022 09:05 4996 Barometr
Поделиться в:
ok

Фэн-шуй илими жашоонун баары энергиядан турат жана анын агымын туура багытка буруу менен адам көп артыкчылыкка ээ болот деп эсептейт. Бүгүн barometr.kg оң энергетиканы үйгө кандайча пайда кылуу керектиги тууралуу бул байыркы илимдин эрежелерин сунуштайт.

Биринчи кезекте сынган буюм-тайымдардан арылуу керек

“Өзүңдүн үйүңдү сыйлоо-демек эски, керексиз, сынган, бүлгөн нерселерден арылуу деген сөз” деп айтышат чыгыш акылмандары. Эгерде сынган буюм оңдоло турган болсо аны оңдоп, алгачкы калыбына келтирүү кажет. Эски, кетилип калган идиш-аякты, буюмдарды таштандыга берүү зарыл. Кийимдерден дагы ушул жол менен арылсаңыз болот. Эски нерселердин баары терс энергиянын топтолуп калышына шарт түзөтдеп айтылат фен-шуй илиминде.

Бурчу көп чыккан буюмдар дагы тескери энергияны көбөйтөт

Керебет болобу, стол болобу бурчтары тоголок болгону анын кырдуу болгонуна караганда үйдүн энергетикасына оң таасир берет деп эсептелинет экен. Учтуу, кырдуу, бурчу көп чыккан буюмдар үйдө агрессиянын көбөйүшүнө жол ачат.Уктап жаткан жериңизге мындай буюмдардын бурчтардын дал келбей эле турабы карап көрүңүз.

Уктоочу бөлмөгө кылдат көңүл буруу зарыл

Уктоочу бөлмө үйдүн оң тарабында жайгашканы жакшы, ага суунун элементтерин таптакыр жолтпогонго аракет кылыңыз Уктоочу бөлмөгө кир жуучу машина, аквариум, суудагы гүлдөр жайгаштырылбашы керек. Бул бөлмөдө ванна кошо жайгашкан болсо, анын каалагасын дайыма жаап туруу талап кылынат.Ошондой эле жубайлардын уктоочу бөлмөсүнө ар кимди киргизе бергенге болбойт.

Картина, сүрөттөр мааниге ээ

Адамдардын сүрөтү тартылган, көлөмү аябай чоң картинаны дубалга тагуунун кажети жок. Анын ордуна бакыттын, сүйүүнүн символу болгон сүрөттөр түшүрүлгөн картиналарды илиңиз. Килем эски болсо ошончолук көп энергияны топтоп алган болот.Үйгө карагайдын тобурчагын дагы коюга болбойт.Ал дагы терс энергиянын булагына тез эле айланат. Дубалдарды тынч өңдөр менен сырдаган же боегон туура. Кире беришке күзгү илингени фен-шуйдун эрежелерине туура келет.

Ссылка: https://barometr.kg/jdn-energetikasyn-kantip-odoo-kerek-fen-shujdun-4-erezhesi



Добавить комментарий