Лейлекте сууга кулаган унаадан алты жаштагы бала каза тапты

22 июль 2019 12:35 2067 6 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лейлек районунда унаа сууга кулап алты жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ведомство берген маалыматка таянсак, жол-транспорт кырсыгы Исфана-Андарак жолунун 13-чакырымында болгон.

«Форд Транзит»  унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып сууга түшүп кеткен. Алган жаракатынан улам 2013-жылы туулган К.Б. каза тапты.  

1981-жылы туулган айдоочу М.Ж. жеңил жаракат алды.Кырсык болгон жерде 6 куткаруучу иштеп, каза тапкан баланын денесин суудан алып чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-suuga-kulagan-unaadan-alty-zhashtagy-bala-kaza-tapty



Добавить комментарий