Лейлекте сууга кулаган унаадан алты жаштагы бала каза тапты

22 июля 2019 12:35 2068 6 Barometr
Поделиться в:
ok

Лейлек районунда унаа сууга кулап алты жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ведомство берген маалыматка таянсак, жол-транспорт кырсыгы Исфана-Андарак жолунун 13-чакырымында болгон.

«Форд Транзит»  унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып сууга түшүп кеткен. Алган жаракатынан улам 2013-жылы туулган К.Б. каза тапты.  

1981-жылы туулган айдоочу М.Ж. жеңил жаракат алды.Кырсык болгон жерде 6 куткаруучу иштеп, каза тапкан баланын денесин суудан алып чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-suuga-kulagan-unaadan-alty-zhashtagy-bala-kaza-tapty



Добавить комментарий

  • Андарак Исфана жолунда эч кандай суу жок калп айтпагылачы
  • Авазбек 5 лет назад
    Кырсык кашкабактын арасында аллах сактасын
  • Рахматилла 5 лет назад
    Барометр КG төөңөр укмуштуудай жорго экен, Исфана Андарак жолунун аралыгы болгону он эки км, анан ал жерде машине кулаганга эмес, ичкенге араң суу табасыңар.....
  • Андарактан 5 лет назад
    Андарактын озунон болом. Каяктагы дарыяны айтып жатасынар? Ал жакта дарыя эмес кыя (перевал) бар айылга кире беришинде. Машина ошол кыядан кулаган. Бала дагы ошол жерде каза болгон. Маалыматты тактап туруп анан жазгылачы журналисттик эрежелерди бузбай!
  • Андарактын дарыясы кичине эле го. Такталбаган маалыматты неге сайтка чыгарасынар элди козгутуп. Ошондой эле жазгынар келсе Андаракка келгиле Бишкекте кабинетте отуруп башты айлантбай. Жапайы малсынар журналисттер
  • Сууга тушкон эмес жонеле кырск болгон туура маалымат чыгаргылачы