Кызыктуу тест: Биринчи эмнени жасайт элеңиз?

23 август 2021 16:45 1757 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Психологиялык проекциялык-тесттер адамдын аракеттерин талдоого жана анын чыныгы мүнөзүн ачууга багытталган. Бүгүн barometr.kg сизге бул боюнча дагы бир тестти сунуштайт.

Ал үчүн сүрөттөгүдөй бөлмөдө жүргөнүңүздү элететип көрүңүз! Бир эле учурда чайнек катуу кайнап, телефон чырылдап, бала ыйлап жана  ит жаздыгыңызды тытып жаткан болсо биринчи кайсынын токтотууга барат элеңиз? Сиздин кайсы аракетти тандап аларыңыз мүнөзүңүз тууралуу айтып берет.

1.Чайнекти өчүрсөңүз!

Сиз чечкиндүү, так жүргөн жана аракетчил адамсыз, эмне каалап жатканыңызды даана билесиз. Чечим кабыл алып ал үчүн эч качан шектенбейсиз. Акылдуу, таланттуу жана рационалдуу ойлонгон адамсыз. Маанилүү нерсеге көңүл топтоп, энергияңызды майда-барат нерсе үчүн коротпойсуз. Бир тараптуулук жана зериктирме жумуш сизди абдан чочутат. Жагдайдан чыгуунун жолдорун интуицияңызга таянып акырын чечип коесуз. Сиздин чечкиндүүлүгүңүз менен дымагыңызга суктанууга гана болот.

2.Телефонго жооп узаткан болсоңуз!

Сиз чечен, дипломат жана ишкер адамсыз.Адамдары кантип өзүңүзгө баш ийдирип алуунун жолдорун билесиз. Ишенимге тез эле кирип, көп тааныштарды топтой аласыз.Бир нече ишти бир эле маалда сапаттуу аткара аласыз. Иштин санына эмес, сапатына жакшы көңүл бурган адамсыз.

3. Баланы соорткон болсоңуз!

Сиз жоопкерчиликтүү адамсыз, башка адамдарды коргой билесиз.Мээримдүүлүгүңүз сиздин башкы сапат.Адамды эч качан жамандыкка таштап кетпейсиз, аларды жакшы сезе билесиз.Кайсы бир ишке жыйынтык чыгарардан мурда, оюңуз менен өзүңүздү башкалардын ордуна коюп көрүп адамды сезе билгенди жакшы көрөсүз.Үй-бүлө сиз үчүн биринчи орунда турат.Сиз үйдө жакын адамдарыңыздын кашында болгонду жакшы көрөсүз.Үйдөн тышкары жакта көп убакытка чейин шаан-шөкөт кылганды жаман көрөсүз.

4. Итти кубаласаңыз!

Сиз кыйын тапшырмаларда жоопкерчилик алуудан качышыңыз мүмкүн. Эч качан утулуп калгыңыз келбейт, тобокелдикке салбайсыз.Ар кандай күтүүсүз окуяларда өзүңүздү кармай албай эмоцияга берилип кетишиңиз мүмкүн.Баарын көзөмөлгө алып турганды жакшы көрөсүз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyzyktuu-test-birinchi-emneni-zhasajt-eleiz



Добавить комментарий