Эң жөнөкөй, бирок жашооңузду ушунчалык жакшырта турган 12 адат

17 марта 2022 13:12 2736 Barometr
Поделиться в:
ok

Жашоодогу күнүмдүк стресстерди азайта турган жана аны абдан жакшырта турган бир катар адаттарды психологдор белгилешкен. Бүгүн barometr.kg сиздерге аларды сунуштайт.

1.Жумушка кийип бара турган кийимиңизди, сумкаңызды, рюкзагыңызды жана бут кийимиңизди кечинде даярдап коюңуз!

Эртең менен мээни бул ишке алаксытпаганда иш күнүңүз алда канча жемиштүү болот.

2. Жылына бир ирет толук медициналык кароодон өтүп коюңуз 

Анткени ооруну дарылагандан көрө алдын алуу жеңилирээк.  

3. Керектүү ойлор менен идеялар башыңызга келсе дароо аны жазып коюңуз

30 мүнөттөн соң оюңуздун 70 пайызын унутасыз, 2 сааттан кийин аны такыр эстебей каласыз. Балким мындай идеялар сиздин жашооңузга чоң жаңылыктарды алып келет.

4. Досторуңуз, курбуларыңыз менен жолугушууну унутпаңыз!

Досторго жардам берүү, биргелешип отуруп жакындарыңыз менен кино көрүү жана баарлашуу булар адамга чоң позитив берет. Адам социалдык жандык деп коюшат эмеспи, ошондуктан баарлашуудан качпаңыз. Демилге көтөрүп, жолугушуп, эс алыңыз. Бул учурда стресс бир канча эсе төмөндөйт.

5. Кыймылда болуңуз, жөө басыңыз

Ден соолуктун бир булагы бул кыймыл экени талашсыз.

6. Башкаларга жакшы сөз арнаганды үйрөнүңүз

Таң калыштуу угулса дагы бул адамдар үчүн абдан керек нерсе. Албетте сиз үчүн да пайдалуу.

7. Мээни машыктырыңыз!

Ыр жаттаңыз, кроссворддорду чечмелеңиз, шахмат ойноңуз, китеп окуңуз.

8. Ата-энеңиз, жакындарыңызга телефон чалып, абалын сурап туруңуз

Үй-бүлө бул эң башкы нерсе.

9. Күндөлүк жазганды адат кылып алыңыз

Күндөлүк жазуу үчүн кагаз блокнот сатып алыңыз.К ийинчерээк окуп алып кандай жашоону, эмоцияларды башыңыздан кечиргенди билесиз жана канчалык инсан катары өнүккөнүңүзгө баа бересиз.

10. Сонун окуяларды, жаратылышты сүрөткө тартыңыз

Бул сүрөттөр мээни кадимкидей эс алдырат.

11. Эс алуу күндөрдү пайдалуу өткөрүңүз

Эс алуу күндөрдү пайдалуу өткөрүңүз, жаратылышка чыгыңыз, парктарга барыңыз, жаккан нерсеңизди жасаңыз.Таза абада жүрүү жаман ойлордон алыстатат.

12. Ар дайым жакшы нерселерди гана ойлонуңуз! 

Ссылка: https://barometr.kg/e-zhnkj-birok-zhashoouzdu-ushunchalyk-zhakshyrta-turgan-12-adat



Добавить комментарий