Кытайдан келген кош бойлуу аял Бишкектеги №4 төрөт үйүнө жаткырылды

18 февраль 2020 17:14 1842 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Ляонинг провинциясынын Шеньянь шаарынан келген кош койлуу кытай келин №4 төрөт үйүнө жаткырылды. Бул тууралуу өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, Кытайдын университеттердин биринде окуган 24 жаштагы кош бойлуу студент келин 16-февралда Москвадан Бишкекке учуп келген.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун талабындагы бардык процедуралар жасалгандан кийин ал республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жиберилген.

Кош бойлуу келинден алынган бардык анализдер жакшы чыгып, сасык тумоо жана коронавирустун белгилери байкалган эмес.

“Ошол эле күнү кош бойлуу келин саат 20:40тар чамасында ичи ооруганын (8 ай боюнда бар) айткан. Адистердин консилиумунан кийин анын 8 айлык боюнда бар экенин эске алуу менен ага медициналык жардам берүү максатында Бишкек шаардык перинаталдык борборго которуу чечими кабыл алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Ал учурда атайын палатага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.

Кош бойлуу келин Бишкекке учуп келгенге чейин көп жол жүргөн. Тактап айтканда 14-февралдан 16-февралга чейин Шеньянь – Урумчи – Пекин – Москва – Бишкек багыты боюнча учкан. Узак жол жүрүү дагы бейтаптын саламаттыгына таасир бериши ыктымал.

Эске салсак, бүгүн өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өтүп, анда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур катталбаганын айткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-kelgen-kosh-bojluu-ayal-bishkektegi-4-trt-jn-zhatkyryldy



Добавить комментарий