Бишкек-Алматы унаа жолунда 40 чакырымга жеткен тыгын пайда болду

11 март 2024 17:35 1465 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Алматы унаа жолунда көп чакырымга созулган тыгын болуп, айдоочулар эки күндөн бери тыгында турушат. Бул тууралуу “Барометрге” айдоочулар кабарлашты. 

Казакстандын милициясынын айтымында, тыгын оор жүк ташуучу унаанын бузулушунан улам келип чыккан.

Айдоочулар бир нече саат, кээ бирлери түнү бою бир нече чакырымга созулган тыгында калышканын билдиришкен. 

Социалдык тармактардагы маалыматка караганда, бүгүн эртең менен (саат 08:00гө карата) трассадагы чоң тыгын жоюла элек. Кээ бир унаалар каршы тилкеге чыгып, андан бетер абалды курчуткан. 
 

"Бишкек-Алматы унаа жолунун шаарга кире беришинде чоң тыгын пайда болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жүк ташуучу унаа жолдун боюна бузулуп, жолду тосуп калгандыктан, жол кыймылы кыйындады", — деп билдирген казак милициясы.

Кээ бир айдоочулар тыгынды айланып өтүүгө аракет кылышкан, бирок кээ бир унаалар ылайга тыгылып калган. 
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары трассага тыгылып калган унааларды эвакуациялашты. 
Ведомстводон билдиришкендей, 10-март күнү саат 19:50дө Алматы облусунун Жамбыл районунда жолдун начар катмарынын кесепетинен Алматы-Бишкек унаа жолунда 30 чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 

Талаа жолу менен бул аймакты айланып өтүүгө аракет кылган 5 унаа ылайга батып калган.

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек-Алматы жолунда түн ичинде чоң тыгын пайда болгонун жарыялашкан. 
Кордай айылынан Алматыга чейин эки тараптан тең тыгын пайда болгон.

Ошондой эле, жолдун Алматы-Отар тилкеси жабылганын жазышкан. Видеонун авторлорунун айтымында, трассада муз болуп, жамгыр жаап жатат.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-almaty-unaa-zholunda-40-chakyrymga-zhetken-tygyn-boluuda



Добавить комментарий