Бишкекте жаңы үлгүдөгү аялдамадан сыналгы уурдап кеткендер изделүүдө

15 февраль 2024 15:45 1967 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте аялдамадагы сыналгыны уурдап кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип «Барометр» билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдамадан мүлк уурдалган. 

“Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.

Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө”, -деп айтылат маалыматта. 

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат!


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhay-ulgdg-aldamadan-synalgy-uurdap-ketkender-izdeld



Добавить комментарий