Кыргызстан Кытайга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жөнөттү. Эмнелер берилди?
Өкмөттө өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова штаб коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон чараларды кабыл алып жатканын айтты. Андан сырткары бүгүнкү күндө өлкө аймагында коронавируска чалдыккан учур катталбагынын кошумчалады.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин маалыматы боюнча 18-февралга карата вирус жуккандардын арасында КР жарандары жок.
Ал эми Япониядагы элчилик «Diamond Princess» саякат кемесинде коронавирусту жуктурду деп айтылып жаткан мекендештер такай байланышта.
"Элчилик Япониянын Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери менен байланышты туруктуу жүргүзүүдө. Япониянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны дагы инфекцияны жуктурушу ыктымал деген маалымат биздин мекендешибиз менен кеменин бир бөлмөсүндө чогуу болгон жарандан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу чыгышы мүмкүн. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Бейтап туруктуу кароого алынды. Ал дагы өзүн жакшы сезип жатканын айтууда", - деп айтылат маалыматта.
Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы Кытай эл Республикасынын коронавирустун жайылышына каршы аракеттенүүсүнө жардамдашуу максатында гуманитардык жардам жөнөтүлгөнү айтылды. Жүк негизинен кытай тараптын өтүнүчүнүн негизинде (антисептик жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу каражаттар) түзүлдү.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганын билдирди.
Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогору дем алуу жолдорунун үлгүлөрү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалганын, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Изилдөөлөр үчүн зарыл нерселердин баары бар, лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Вирусту аныктоо үчүн кошумча экспресс тесттер алынууда.
Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 413 орун даярдалган: Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 183, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт.
Добавить комментарий ×