Көңүл буруңуздар! Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

22 август 2025 11:10 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында 26-август күнү саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй пр. - Гоголь көч. - Огонбаев көч. - Осмонкул көч.

Суу берүү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Ссылка: https://barometr.kg/kl-buruuzdar-bishkektin-bir-blgnd-suu-chrlt



Добавить комментарий