Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2 миңден ашты

19 февраль 2020 09:18 663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын өзүндө коронавирустан каза болгондор 2004кө жетти. Ал эми оору жуккандардын саны 75 196ны түздү. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо органдары билдирди. 

Оору жуккандардын 12 миңинин абалы оор.

Эске салсак, былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында коронавирус чыгып, ал башка чет мамлекеттерге дагы жайылган. Ал ортодо Кытай бийлиги оорунун алдын алуу үчүн бир катар аракеттерди көрүүдө. Атап айтканда коронавируска карата дарыны сатуу үчүн фармкомпаниялардын бири мамлекеттен уруксат алган. Бирок ал элге 4-5 айдын ичинде сатыла баштайт. Учурда клиникалык тест өткөрүлүүдө. Кытайдагы университеттердин бири коронавирусту аныктай турчу экспресс тест иштеп чыкканы дагы маалым болду.

Кыргызстандын бийлиги дагы Кытайга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жөнөткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-2-miden-ashty



Добавить комментарий