Кыргызстандын аймагында кайрадан күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

25 январь 2024 14:08 460 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагында кайрадан күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январда бир нече жолу жер титиреген. 

Түнкү саат 1:11де Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 2.5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Анын толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 баллга, Кажы-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми кайрадан саат 2:38де Кытайда очогунда күчү 6.5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга (Ыштык айылынан 64 чакырым түштүк чыгышта, Каджи-Сай айылынан 165 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Ошондой эле эртең мененки саат 8:39да Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кайрадан саат 10:59да Кытай Эл Республикасында очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3 баллга  чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmagynda-kajradan-kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий