Кыргызстандын аймагында дагы эки ирет жер титиреди

24 январь 2024 10:20 428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагында дагы эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Сейсмология институтунун берген  маалыматына ылайык,  24-январь күнү саат 01:11де Кытайдын аймагында очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ал эми,   Кыргыз Республикасынын  Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 , Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле, жер титирөө Кытайда саат  02:38де кайталанып, күчү 6.5 баллга жеткен.  
Кыргызстандын  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

“Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-tnd-dagy-eki-iret-zher-titiredi



Добавить комментарий