Кытай коронавирустан вакцинаны колдона баштаганда биринчилерден болуп Африка өлкөлөрүнө берет
Бөлүшүү:
Кытай коронавирустан вакцинаны колдона баштаганда биринчилерден болуп Африка өлкөлөрүнө берет. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпиндин берген маалыматына ылайык РИА Новости жазды.
Кытай-Африка видео-саммитинин учурунда, COVID-19дан вакцина табылып, колдонула баштаганда эң биринчи болуп Африкага өлкөлөрүнө бере турганын убадалады.
Буга чейин кытай окумуштуулары тарабынан 5 түрдүү вакцина ойлоп табылып, ал 2 500 ыктыярчыга эмделген. Анын 2 фазалык жыйынтыгы июль айында чыгарылат.
Ошондой эле, COVID-19 вирусунан вакцинаны аталган окумуштуулар жылдын аягында же келээрки жылдын башында даяр болот деп божомолдошкон.
Добавить комментарий ×