Кытай коронавирустан вакцинаны колдона баштаганда биринчилерден болуп Африка өлкөлөрүнө берет

18 июня 2020 15:29 645 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытай коронавирустан вакцинаны колдона баштаганда биринчилерден болуп Африка өлкөлөрүнө берет. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпиндин берген маалыматына ылайык РИА Новости жазды.

Кытай-Африка видео-саммитинин учурунда,  COVID-19дан вакцина табылып, колдонула баштаганда эң биринчи болуп  Африкага өлкөлөрүнө бере турганын убадалады.

Буга чейин кытай окумуштуулары тарабынан 5 түрдүү вакцина ойлоп табылып, ал 2 500 ыктыярчыга эмделген. Анын 2 фазалык жыйынтыгы июль айында чыгарылат.

Ошондой эле, COVID-19 вирусунан вакцинаны аталган окумуштуулар жылдын аягында же келээрки жылдын башында даяр болот деп божомолдошкон.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-koronavirustan-vakcinany-koldona-bashtaganda-birinchilerden-bolup-afrika-lklrn-beret



Добавить комментарий