Кыргызстандыктар төрт күн эс алышат

5 ноябрь 2020 15:54 1218 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрга чейин эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү министрликтин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленгендигин КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Быйыл 7-ноябрь жана 8-ноябрь ишемби жана жекшемби күндөрүнө туш келгендиктен, дем алыш күндөрү 9-ноябрь дүйшөмбүгө жана 10-ноябрь шейшемби күнгө жылдырылды. 

Ошол себептен, беш күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-10-ноябрга чейин эс алышат. 

Ал эми алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрга чейин эс алышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-trt-kn-es-alyshat



Добавить комментарий