Hyde Park эс алуу борборун 9 млн сомго алдап кеткенге шектелип, чет өлкөлүк жаран кармалды

28 ноябрь 2023 12:49 1455 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Hyde Park эс алуу борборун өзгөчө ири өлчөмдө алдап кеткен деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 3-октябрда милицияга Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан Hyde Park эс алуу жайынын администратору чет өлкөлүк жаранга чара көрүү боюнча жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. 

“2021-жылдын июлунан 2023-жылдын январына чейин алдоо жолу менен жумушчу персоналды адаштырып, өзүн бизнес өнөктөш жана ири инвестор катары көрсөтүп, үй-бүлөсү менен «VIP» бөлмөлөрдө жашап, эс алуу борборунун кызматынан жалпысынан 8 986 457 сом (конокторду тосуп алуу, банкеттер, иштиктүү жолугушууларды өткөрүү ж.б.у.с.) колдонгон. Жогорудагы жаран көрсөтүлгөн сумманы төлөбөстөн белгисиз тарапка качып кеткен”, -деп айтылат маалыматта. 

“Аталган факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.Чүй облусунун ИИБнын жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган кылмышка шектүү делип, 1985-жылы туулган В.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран В.Т. кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин айтып, алардын колдоосуна таянып, жогорку кызматтагы адамдардан акча талап кылган.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин аныктоо иштери уланууда.

Жаран В.Т.нын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөбүз”, -деп жазылат билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/hyde-park-es-aluu-borborunun-vip-kyzmattaryn-eki-zhylga-zhakyn-koldonup-zhrp-9-mln-somgo-zhakyn-karyzyn-tlbj-kachyp-ketken



Добавить комментарий