2024-жылы саякаттого эң арзан туристтик жерлердин тизмеси

31 январь 2024 13:24 437 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аз акча менен саякаттоону пландаштыруу бир аз ойлондурат. Бирок саякаттоодо капчыгыңа жараша, арзаныраак вариантын тапса болот. Мындай сунушту сиздерге “Барометр” тартуулайт.

Дүйнөдө көп каражат сарптабай эле саякаттай турган көп жерлер бар. 

Бул жылы саякаттоого эң арзан өлкөлөр тууралуу WeThrift электрондук соода бренди изилдөө жүргүзүп, транспорттун, туристтик жайлардын жана жайгаштыруунун жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле жергиликтүү күнүмдүк тамак-аштын баасына баа берип, дүйнө жүзү боюнча кайсы багыттар эң арзан экенин аныктаган.

Индиянын борбору Нью-Дели саякаттоого арзан өлкө делип, WeThrift индекси боюнча 80 упайдан 69,2 упай алып, биринчи орунду ээледи. 

Тоок этинен жасалган тамактын жана жергиликтүү  тамак-аштын баасы болгону 2,40 доллар (215 сомдун тегерегинде) болот. Бул жерде транспорт да абдан арзан. 

Экинчи орунду Вьетнамдын Ханой шаары ээледи, анда коомдук транспортто жүрүүнүн орточо баасы болгону 0,29 долларды (25 сомдон ашпайт). 

Үчүнчү орунду Египеттин  Каир шаары ээледи, анда суусундуктун баасы орто эсеп менен 1,34 долларды (болжол менен 100 сомдон ашат), ал эми аттракциондорго билеттердин баасы болжол менен 48,15 долларды ( 4300 сомдон ашык) түзөт. 
 

2024-жылга карата 10 эң арзан туристтик багыттардын тизмеси төмөнкүдөй: 

Нью-Дели, Индия;  

Ханой, Вьетнам; 

Каир, Египет;

Стамбул, Түркия;  

Хургада, Египет;

 Бали, Индонезия;  

Бангкок, Таиланд; 

Марракеш, Марокко;  

Пхукет, Таиланд; 

Рио-де-Жанейро, Бразилия.

Ссылка: https://barometr.kg/2024-zhyly-sayakattogo-e-arzan-turisttik-zherlerdin-tizmesi



Добавить комментарий