Кыргызстандыктар төрт күн эс алышат
Алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрга чейин эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү министрликтин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленгендигин КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
Быйыл 7-ноябрь жана 8-ноябрь ишемби жана жекшемби күндөрүнө туш келгендиктен, дем алыш күндөрү 9-ноябрь дүйшөмбүгө жана 10-ноябрь шейшемби күнгө жылдырылды.
Ошол себептен, беш күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-10-ноябрга чейин эс алышат.
Ал эми алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрга чейин эс алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-trt-kn-es-alyshat
Добавить комментарий ×