Садыр Жапаровдун колдоосу менен балдар үчүн акысыз лагерь уюштурулуп, 160 бала эс алды

15 июнь 2023 18:06 364 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаровдун колдоосу менен балдар үчүн акысыз лагерь уюштурулду. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме беирип “Барометр” билдирет. 

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдары үчүн “Ассоль” коомдук кайрымдуулук фонду “Жаш лидерлер Ысык-Көл жээгинде” аталышындагы бир жумалык жайкы лагерь уюштурулган. 

“Ага Кыргызстандын бардык облустарынан 160 бала барып катышты.

Эс алуу учурунда балдарга психология, этика, маданият, актёрдук, вокалдык чеберчилик боюнча сабактар өтүлүп,  ысык булактарга түшүү, тоого чыгуу, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге катышуу ж.б. көптөгөн кызыктуу оюндар  уюштурулду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери лагерге барган балдар үчүн көл жээгинде оюн-зоок көргөзүп өнөр тартуулашса,  Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери жана кыргыз эстрадасынын бир катар көрүнүктүү ырчылары балдар менен бирге ырдап, бийлеп майрамдык маанай жаратышты”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-koldoosu-menen-baldar-chn-akysyz-lager-uyushturulup-160-bala-es-aldy



Добавить комментарий