Кыргызстанда паспортторду акысыз берүү өнөктүгү аяктады

4 сентябрь 2021 12:52 832 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Калктын аялуу катмарына ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук өнөктүк аяктады. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Акция үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 31-августуна чейин болду. Кампаниянын жүрүшүндө ведомствонун аймактык бөлүмдөрү тарабынан 218 паспорт берилген, дагы 75 паспорт даярдоо процессинде турат.

Эскерте кетсек, өнөктүктүн алкагында мамлекеттин толук камсыздоосунда турган 16 жаштагы балдар, интернатта жашаган балдар, 18 жашка чейинки жетим балдар, баардык категория боюнча майыптыгы бар адамдар, жашы 70ке чыккан пенсионерлер, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, карылар үйүнүн жашоочулары акысыз  ID-картты алуусу каралган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-pasporttordu-akysyz-ber-nktg-ayaktady



Добавить комментарий