Өкмөт паспортту акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет

5 апрель 2021 16:47 2888 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт акысыз паспорт берүү үчүн улуттук компанияны ишке киргизет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде КРнын Өкмөтү КРнын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет.

КРнын Президентинин аталган Жарлыгын ишке ашыруу максатында КРын Өкмөтүнүн тийиштүү  токтому иштелип чыккан, анын милдети жана максаты катары калктын аяр катмарына ар кандай пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо үчүн КРнын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспорттору (ID-карта) менен акысыз камсыздоо жолу аркылуу алардын мыйзамдык укугун жана кызыкчылыгын канагаттандыруу болуп саналат.

Натыйжада, КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин КРнын Өкмөтү КРнын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) жоготуу учурунан тышкары, төмөнкү категориядагы жактарга акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда:

- толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жашагы балдар;

- ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдар (тоголок жетим);

- толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;

- 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандар;

- 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары.

Көрсөтүлгөн категориядагы жактар аталган жеңилдетилген тейлөөнү алуусу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл. 

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-pasporttu-akysyz-ber-boyuncha-uluttuk-kampaniyany-ishke-kirgizet



Добавить комментарий