Дүйнөнүн эң "мощный" паспортторунун рейтингинде Кыргызстандын паспорту 80-орунду ээледи

8 январь 2021 16:11 3074 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыймыл эркиндиги индексинин негизинде дүйнөдөгү эң жагымдуу жана ыңгайлуу паспорттордун рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу LADbible басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Жаңыланган Henley Passport Indexтин рейтингине ылайык, Япония кайрадан дүйнөдөгү "эң күчтүү" паспорттун ээси деп таанылды, япондор эң көп өлкөлөргө визасыз кирүүгө мүмкүндүк алышкан.

Акыркы 4 жылдан бери Япония биринчи орунду ээлеп келет. Саякат тизмесине акыркы толуктоо 2019-жылы киргизилген, анда Бразилия жапон жарандарына визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Жаңы маалыматтар боюнча, жапон паспортунун ээлери 191 өлкөгө визасыз саякаттай алышат.

Экинчи орунду дагы бир Азия өлкөсү Сингапур алды. Сингапур паспортунун ээлери 190 өлкөгө визасыз кире алат. Андан кийин 189 өлкөгө визасыз саякаттоо менен Түштүк Корея жана Германиянын паспорттору турат. Андан кийин Финляндия, Люксембург, Испания жана Италиянын паспорттору бар, алар 188 өлкөгө алдын-ала берилген визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эксперттер дал ушул Азия өлкөлөрү рейтингдеги позицияларын тездик менен жакшыртып жаткандыгын белгилешти. Мисалы, акыркы бир жылдын ичинде Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравия эки позицияга көтөрүлүп, 18-орундан 16-орунга көтөрүлсө, он жыл мурун БАЭ рейтингде 65-орунду гана ээлеген.

Ошол эле учурда, АКШ менен Улуу Британиянын паспорттору рейтингден бара-бара түшүп жатат. Акыркы бир жылдын ичинде алар 6-орундан 8-орунга түшүп кетишти. Эми Улуу Британиянын жана Американын паспорту менен дүйнөнүн 184 өлкөсүнө визасыз кире аласыз.

Кыргызстан 80-орунда Армения менен тең келе жатат. Кыргызстандыктардын, ошондой эле Армениянын паспортторунун ээлери 63 өлкөгө олуттуу чектөөлөрсүз саякаттай алышат.

Рейтингдин эң төмөн жагында Афганистандын паспорту турат, болгону 26 мамлекетке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Henley Passport Index Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) маалыматтарын колдонуп, тизмени түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-moshnyj-pasporttorunun-rejtinginde-kyrgyzstandyn-pasportu-80-orundu-eeledi



Добавить комментарий