Баткенде документтери жоголгондорго жардам берилет

3 май 2021 13:23 519 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде чатактын кесепетинен жоголгон документерди кайра алганга өкмөт жардам берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет

КРнын Өкмөтү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын натыйжасында документтери жок кылынган, же документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт. 

Өкмөт башчы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылды. 

«Аталган милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында өлкө президентинин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөт», - деди Улукбек Марипов.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-chataktyn-kesepetinen-zhogolgon-dokumentterdi-kajra-aluuga-kmt-kmk-krstt



Добавить комментарий