Жалал-Абадда рейд жүрүп, паспорттук эреже боюнча текшерилип жатат

12 май 2021 10:18 1713 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда бир жумалык рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматына таянып  "Барометр" билдирет.

"Жалал-Абад облусунда бир апталык «Режим» рейди өтүүдө 11-16-май күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатындагы бир апталык «Режим» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүрүүдө.

Рейддин алкагында түнкү убакыттарда мобилдик топтор кызмат өтөөгө чыгышып, түнкү эс алуу клубдарын, кафе-ресторандарды, компьютердик клубдарды, спирттик ичимдик ичип алып унаа башкаргандарды көзөмөлдөп, кайгулдоо багытында кызмат өтөшөт.

Күндүзгү убакыттарда базарлар, эл көп топтолуучу жайлар көзөмөлгө алынып, ИИОнун алдын алуу каттоосунда турган атуулдар менен иш алып барылууда. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар, милиция тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча көзөмөлдө тургандар текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келип мыйзамсыз жашап жана иштеп жүргөндөр аныкталып, паспорттук эреже боюнча текшерилип жатат",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-rejd-zhrp-pasporttuk-erezhe-boyuncha-teksherilip-zhatat



Добавить комментарий