Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 17 киши көз жумду

2 июль 2020 11:38 914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билирет.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 206 киши ооруканага түшүп, ушул тапта 1 247 бейтаптын өпкөсү сезгенген. Анын ичинен 112 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны 337. Каза болгондордун жалпы саны  97ге жетти.

Март айынан бери жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын ичинен 627 адам сакайган.

Республикалык штаб өпкөсү сезгендердин коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын белгиледи.




Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-oorukanadan-syrtkary-pnevmoniya-oorusu-menen-1247-bejtap-kattaldy



Добавить комментарий