Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 17 киши көз жумду
Поделиться в:
Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билирет.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада 206 киши ооруканага түшүп, ушул тапта 1 247 бейтаптын өпкөсү сезгенген. Анын ичинен 112 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны 337. Каза болгондордун жалпы саны 97ге жетти.
Март айынан бери жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын ичинен 627 адам сакайган.
Республикалык штаб өпкөсү сезгендердин коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-oorukanadan-syrtkary-pnevmoniya-oorusu-menen-1247-bejtap-kattaldy
Добавить комментарий ×