Кыргызстан Олимпиаданын медалдык зачетунда Борбор Азия боюнча 2-орунга чыкты

4 август 2021 10:03 1475 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын курама командасы Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында медалдык зачет боюнча 64-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Кыргызстандын командасы мындай жыйынтыкка Акжол Махмудов күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медалды жеңип алгандан кийин ээ болду.

Медалдык зачетто биринчи орунду Кытай ээлеп турат, анын медаль куржунунда 32 алтын, 20 күмүш, 16 коло бар. Кийинки катарды АКШ (24-28-21) турат, үчүнчү катарды Япония (19-6-11) ээледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан экинчи орунда турат. Биринчи орунду эки алтын жана бир коло менен Өзбекстан ээледи. Ал медалдык зачетто 28-катарда турат.Түркмөнстан бир күмүш алды (медалдык зачетто 70-орун) жана Казакстан (75-орун) үч коло утуп алды. Тажикстандын спортчулары Олимпиададан медаль албай кайтты.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-olimpiadanyn-medaldyk-zachetunda-borbor-aziya-boyuncha-2-orunga-chykty



Добавить комментарий