Ийгилик күтөлү. 3-августта Париж Олимпиадасында дагы эки спортчу күч сынашат

2 август 2024 10:17 1739 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандык эки спортчу күч сынашат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой,  3-августта Елизавета Печерских жана Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат.

3-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.

Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.

Ал эми, бокс боюнча спортчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. 

Буга чейин, кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.

Елизавета Печерских Бишкек убактысы боюнча 15:00до сууда сүзүүнүн эркин стилинде 50 метр аралыкка жарышат. 

Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнчп 57 кг салмак чегинде Бишкек убактысы боюнча 00:00до - 1/4 финалда күч сынайт. 



Ссылка: https://barometr.kg/ijgilik-ktl-3-avgustta-parizh-olimpiadasynda-dagy-eki-sportchu-kch-synashat



Добавить комментарий