Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль утту

3 августа 2021 18:37 1505 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль утту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Ал 2-августта 68 кг салмакка чейинки категорияда эркин күрөш боюнча турнирге катышкан. Жуманазарованын биринчи атаандашы болгариялык Мими Николова болду. Ал атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Кезектеги атаандашы нигериялык Блессинг Оборудудудан 2:3 эсебинде жеңилип, финалга чыгуу мүмкүндүгүнөн ажыраган.

Бирок ал нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова турнирде коло медаль үчүн ат салышмай болгон.

3-августта болгон жайгаруучу турнирдин биринчи беттешинде Жуманазарова азербайжандык Элис Манолова менен беттешип, аны жеңип алды.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Жуманазарова Олимпиада-2012 оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, монголиялык балбан кыз Баттсетсег Соронзонболд менен күрөшүп 10:1 жеңди жана Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси болуп калды.

Бул медаль Кыргызстан үчүн экинчи байгелүү орун болду. Буга чейин Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болгон.



 

Ссылка: https://barometr.kg/meerim-zhumanazarova-tokiodogu-olimpiada-oyundarynda-kolo-medal-uttu



Добавить комментарий