Аба-ырайы: Кыргызстанда 24-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт

24 октябрь 2019 09:00 2366 Barometr
Бөлүшүү:
ok

24-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

28-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

29-30-октябрларда тоолуу райондордо бир аз жаан жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

24-28-октябрларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

24-28-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

24-28-октябрларда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

24-28-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy



Добавить комментарий