Кыргызстанда 20-июлдан тарта жаан жаап, абанын температурасы бир аз төмөндөшү күтүлөт

19 июль 2023 13:00 857 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 20-июлдан күндүн табы бир аз салкындайт. Бул тууралуу кыргызгидрометтин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Ош облусунда жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.  

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.    

Абанын температурасы:    

Чүй облусунда    

түнкүсүн +17...+22      

күндүз +30…+35,      

Талас облусунда        

түнкүсүн +13...+18          

күндүз +30…+35          

Баткенде         

түнкүсүн +19...+24           

күндүз +33...+38              

Ош, Жалал-Абад облустарында             

түнкүсүн +19...+24                

күндүз +33...+38                

Ысык-Көл облусу                  

түнкүсүн +11...+16                 

күндүз                  +24...+29                    

Нарын облусунда                   

түнкүсүн +10...+15                      

күндүз +28...+33                      

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүзгү жогорку температурасы +33…+35 градус болот.                         


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-20-iyuldan-tarta-ajrym-zherlerde-zhaan-zhaap-abanyn-temperaturasy-bir-az-tmndsh-ktlt



Добавить комментарий