Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба-ырайы -33 градуска чейин сууктайт

14 февраль 2024 17:14 2097 Barometr
Бөлүшүү:
ok

16-18-февраль күндөрү  өлкөдө аба-ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 16-февралда күндүз, 17-февралда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаайт. 

18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында,  Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-февралда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°; күндүз 0…-5°,

Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;

Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°;

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°;

бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°; күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhakynky-kndr-aba-yrajy-33-graduska-chejin-suuktajt



Добавить комментарий