Аба-ырайы: Кыргызстанда 24-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт
24-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
28-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
29-30-октябрларда тоолуу райондордо бир аз жаан жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
24-28-октябрларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы
24-28-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
24-28-октябрларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы
24-28-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy
Добавить комментарий ×